“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Гаян Уразбековага 100 миң сом өлчөмүндө акчалай колдоо тапшырды.

23 Марта 2018

Белгилей кетсек, Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери Гаян Уразбекова 100 жашка толду.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги, Профсоюз уюму жана Ардагерлер кеңеши тарабынан кабыл алынган Жамааттык келишимге ылайык, 100 жашка чыккан согуш ардагерлерине 100 миң сом төлөнүп берилет.

Гаян Уразбекова менен болгон жолугушуу учурунда Кыргыз темир жолунун жетекчиси анын аталган тармакка сиңирген эмгегин жогору баалап, бекем ден-сооолук, узун өмүр каалады.

Кыргыз темир жолунда учурда 13 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 49 оорукта эмгектенгендер бар. Алар Бишкек шаарында эле эмес, Рыбачье станциясынан тартып, Мерке станциясына чейин жашашат.

Алардын бири “Кыргыз темир жолунун ардактуу эмгек ардагери” Гаян Уразбекова.

Гаян Уразбекова 1918-жылдын 20-мартында туулган. 1950-жылдан тартып Бишкек I темир жол бекетинде жумшчу болуп иштеген. УАМ согуштун 2 баскычтагы ордени менен сыйланган.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жана профсоюз уюму менен ардагерлер кеңеши ага бекем ден-соолук, узун өмүр жана бактылуу карылык каалайт.

Бардык жаңылыктар