Нооруз майрамына арналган спорттук оюндар жыйынтыкталды.

23 Марта 2018

"Кыргыз темир жолуна" караштуу "Локомотив" спорт комплекси Нооруз майрамында спорттук мелдештерди өткөрдү.

Алгач, ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев куттуктоо сөз сүйлөп, ар бир темир жолчуга бекем ден-соолук, сергек жашоо жана ийгиликтерди каалады. Башкы директордун айтымында мындай спорттук мелдештерге мындан ары такай маани берилет. “Спорт бул темир жолчуларды сергек жашоого чакырып, алардын ден-соолугун бекемдейт, жана албетте өндүрүшкө өзүнүн оң натыйжасын берет” дейт Алмазбек Ногойбаев өз сөзүндө.

Бул күнү темир жолчулардан түзүлгөн командалар мини-футбол боюнча мелдешип, кол күрөш, аркан тартыш жана гир көтөрүү боюнча күч сынашышты. Жалпысынан 10 команда беттешүүлөрдү өткөрүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер берилди. Мындан тышкары өзгөчөлөнгөн спортчуларга атайын Ардак грамоталар тапшырылды.

Мини футбол боюнча Бишкек II темир жол бекетинин оюнчулары биринчи орунга ээ болуп, 6 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми экинчи орун аскерлештирилген күзөт кызматына ыйгарылып, 4 миң сом акчалай сыйлык алышты. Байгелүү үчүнчү орунду Жол чарбасы боюнча филиалы жеңип алды жана 2 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Эске салсак, Нооруз майрамына арналган спорттук мелдештин жалпы байге фондусу 28 500 сом. Ошондой эле Башкармалык тарабынан майрамдык стол жана тамак-аш уюштурулган.

Бардык жаңылыктар