“Кыргыз темир жолу” ишканасы жол чарбасындагы техникаларды модернизациялоо, жана жаңылоону ишке ашырууда

23 Марта 2018

2017-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасында 15 жаңы техника салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Алар: 10 трактор, 3 жүк жүктөөчү техника жана 2 эксковатор. Бул техникалар темир жолду модернизациялоо иш-чарасынын алкагында ишкананын өздүк каражатына сатылып алынган.

Кыргыз темир жолунун Жол чарбасы филиалы темир жолдоогу коопсуздукту камсыз кылуучу негизги ишкана болуп эсептелет. Жаңы техникалардын сатылып алынышы – бул жол чарбасындагы инфраструктураларды жакшыртуу,  модернизациялоо, жаңылоо багытындагы негизги приоритеттер.

Темир жолуна 5 муундагы 6 жаңы тепловоздор сатылып алынгандан кийинки мындай аракеттер, Кыргызстандагы негизги стратегиялык объектини өнүктүрүү багытындагы иштердин экинчи этабы деп айтууга болот.

Ал эми кийинки этапта Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан берилүүчү кредитке жүк ташуучу вагондорду сатып алуу менен, Кыргызстандын жүк ташуучуларынын талабын орундатуу маселеси турат.

Учурда түштүк бөлүмү үчүн 150 жүк ташуучу ачык вагондор сатылып алынды. Анын 90 вагону Жалал-Абад бекетине алынып келинип ишке киришти.

Мындан тышкары 2017-жылы “ЛДМ I-моделиндеги темир жолдун үстүңкү катмарын диагностикалоо боюнча лаборатория” сатылып алынды.
 

Бардык жаңылыктар