Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-Кара-Балта» поезди кайрадан жүрө баштайт

11 Апреля 2018

Кара-Балта-Бишкек-I темир жолундагы ремонт иштери өз мөөнөтүнөн мурда аяктагандыгына байланыштуу 2018-жылдын 13-апрелинен тартып, Бишкек-Кара-Балта поезди мурда белгиленген график боюнча кайрадан каттай баштайт.

Аталган каттам суткасына эки жолу жүргүзүлөт.

Эске салсак, Кара-Балта-Бишкек-I участкасындагы башкы темир жолунда ВПО-3000 машинасы менен оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 2018-жылдын 15-мартынан тартып, жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулган болучу.

Бардык жаңылыктар