Темир жолчу Алексей Батищев кол күрөш боюнча ХVII Азия чемпионатында II-орунду ээледи.

28 Апреля 2018

Эске салсак, Казахстан Республикасынын Бурабай шаарында кол күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.

Мелдешке дүйнөнүн 22 мамлекетинен 700 дөн ашык спортчулары катышты.Алар 10 салмак категориясында күч сынашышты. Ал эми калыстар тобунун курамын Хорватия, Россия, Тажикистан жана Өзбекстандан келишкен тажрыйбалуу калыстар түзүштү.

100 килограмга чейинки “Мастер-класс” категориясында 2-байгелүү орунду калыстар тобу бир добуштан Кыргызстандык спортчу, темир жолчу Алексй Батищевге ыйгарышты.

Ошентип, ал кол күрөш боюнча Азиянын чемпионатында II даражадагы диплом менен сыйланды.

Бардык жаңылыктар