Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

4 Мая 2018

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 6-майында Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778 чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө темир жолдогу ремонт иштери жүргүзүлөт.

Бул Бишкек шаарынын Асаналиева (мурдакы Некрасова) жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши.

2018-жылдын 6-майында саат: 10-00 дөн саат: 16-00 гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана  Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Андыктан, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган участокто сак болуусун суранабыз.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар