15-июньдан тартып Бишкек-Рыбачье поезди жүрө баштайт

11 Июня 2018

Жайкы туристтик сезонго карата “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын поезд каттамынын расписаниесине “Бишкек-Рыбачье” багыты боюнча каттоочу поезд киргизилди.

Эми жайкы эс алуу сезону аяктаганга чейин №608 “Бишкек I-Рыбачье” жана №609 “Рыбачье-Бишкек I” поезд каттамы 2018-жылдын 15-июнунан 29-июльга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 30-июльдан тартып, 10-сентябрга чейин күн сайын каттай баштайт.

Поезд каттамынын расписаниеси төмөндөгүчө:
№608 “Бишкек I-Рыбачье” каттамы 06 саат 25 минутада “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетинен жөнөп, 11 саат 20 минутада Рыбачьеге барат.

№609 “Рыбачье-Бишкек I” поезди 17 саат 08 минутада Рыбачье бекетинен жөнөп, 21 саат 56 минутада “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетине келет.

Билет баалары:
Чоңдор үчүн: 69 сом
Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин)

Кошумча маалымат үчүн телефондор:  92 68 54, 30 02 09, 92 74 75

Бардык жаңылыктар