“Кыргыз темир жолу” ишканасы жол чарбасындагы техникаларды модернизациялоо, жана жаңылоо иштерин улантууда

13 Июля 2018

Кыргыз темир жолунун Жол чарбасы филиалы темир жолдогу коопсуздукту камсыз кылуучу негизги ишкана болуп эсептелет.

Жаңы техникалардын сатылып алынышы – бул жол чарбасындагы инфраструктураларды жакшыртуу, модернизациялоо, жаңылоо багытындагы негизги приоритеттер.

Бул жолу “Кыргыз темир жолу” ишканасы карьерде иштөөчү техникаларды жаңылады. Тактап айтканда, жаңы эксковатор менен 2 маз үлгүсүндөгү автомашина сатылып алынды. Жаңы автомашиналар Россия өндүрүшүнөн чыгарылган. Жүк ташуучу машиналар 20 тоннага чейинки жүктөрдү ташый алат. Учурда эксоватор таштарды казып алып автомашинага жүктөп берсе, автомашиналар таш майдалоочу жабдууга такай таштарды ташып жеткирип турат. Карьерде жалпысынан 20 адам ашык адам эмгектенет. Алар Чалдовардан тартып, Рыбачьеге чейинки темир жолго төшөлүүчү майдаланган ташты өз убагында камсыз кылып берет. Кышын-жайын алар ишти үзгүлтүккө учуратпай белгилүү өлчөмдөгү продукция менен камсыз кылып келет. Карьер 1959-жылдан бери иштейт. Ал Кемин районунун аймагында жайгашкан.

Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын Жол чарбасы боюнча филиалы жыл сайын май айынан тартып, темир жолдогу ремонт иштерин жүргүзүп келет. 2018-жылдын I-жарым жылдыгында темир жолдо 3 260, 9 миң тонна жүк ташылган.
 

Бардык жаңылыктар