“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин темир жолчулар күнүнө карата к у т т у к т о о с у

2 Августа 2018

Урматтуу темир жолчулар! Урматтуу Кыргыз темир жолунун ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү менен куттуктаймын.

Жалпыга маалым болгондой темир жолу – бул өлкөбүздүн экономикасына салым кошуучу транспорт тармагынын оорчундуу багыты болуп эсептелет. Соңку мезгилде жаңы темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча алгылыктуу иштер колого алына баштады. Анткени, чыгыштан батышты көздөй жүктөрдү ташып, кошуна мамлекеттер менен транспорттук коридорду кеңейтүү учурдун талабы. Ошондуктан, Кыргыз темир жолун өнүктүрүү, анын ишмедрдүүлүгүн арт тыруу негизги максаттарыбыздын бири.   

Темир жолду модернизациялоонун алкагында 2017-2018-жылдардын аралыгында ишканадагы вагон паркы, жана автопаркы жаңыланды. Башкача айтканда 150 жаңы ачык вагондор сатылып алынып, вагон маселеси оң жагына чечилди. Оор жүк ташуучу автомашиналар, трактор, эксковаторлор жаңыланды. Үстүбүздөгү  жылдын 6 айында темир жолу аркылуу 3 млн. 260 тыс. 900 тонна жүк жана 144 миң 618 жүргүнчү ташылды. Ишканабыз өлкөдөгү эң ири салык төлөөчү ишканалардын катарында.

Жогоруда айтылгандай бүгүнкү күндө ишкананын негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогору. Демек, Кыргызстандын темир жолчулары мындан ары да өз милдеттерин татыктуу жүзөгө ашырат деп айтсак болот.

Урматтуу темир жолчулар!

Сиздерди темир жолчулардын кесиптик майрамы менен куттуктаймын. Ар бириңиздерге чың ден-соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалаймын.

урматтоо менен,

Алмазбек Ногойбаев
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору

Бардык жаңылыктар