«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын спортчулары XVIII Эл аралык Ыссык-Көл оюндарында байгелүү орундарды жеңип алды

20 Сентября 2018

Ыссык-Көлдө «Азия кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» аттуу XVIII Эл аралык Ыссык-Көл оюндары болуп өттү. Ага дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн 1200 спортчу катышты.

Кыргыз темир жолунун спортчулары эң сонун оюн көргөзүп, байгелүү орундарды багындырды. Аларды “Локомотив” спорт комплексинин башчысы Таалай Асаналиев жетектеп барды.

Жекече мелдеште темир жолчулар 11 медальга татыктуу болушса, анын ичинен 4 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль бар.

Ошентип, мелдешке катышкан командалардын ичинен темир жолчулар эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылышты.

Команданын курамы:
Таяк тартыш - Чынгыз Латипов – Вагон чарбасы боюнча филиалы
Жеңил атлетика - Бакыт Момуналиев - Ремонттук өндүрүш ишмердиги жана суу менен камсыз кылуу башкармалыгы
Күрөш - Жоомарт Батырканов – Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалы
Гира көтөрүү - Капар Кожомуратов – Аскерлештирилген күзөт кызматы
Күрөш - Роман Соодалиев – Бишкек I темир жол бекети
Кол күрөш - Александр Батищев -  Аскерлештирилген күзөт кызматы
Марафон - Юра Старчуков - Вагон чарбасы боюнча филиалы
 

Бардык жаңылыктар