"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

1 Октября 2018

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 01-октябрынан тартып, 19-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 129, 131,132-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 01-октябрынан тартып, 19-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана ишемби жана жекшембиден башка күндөрү жүргүзүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар