“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды.

2 Октября 2018

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов бүгүн “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчини тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Буйругуна ылайык Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору болуп дайындалды.

Канатбек Абдыкеримов буга чейин темир жолун долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын директору болуп иштеп келген.

Бардык жаңылыктар