«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

8 Октября 2018

Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018- жылдын 9-октябрында Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.

Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 11-00 дөн тартып, 15-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Ыссык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар