«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында билети жок жүргүнчүлөрдү ташуу фактысы катталган жок

1 Ноября 2018

Бул туурасында «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директорунун орун басары Кубан Асанбеков “Кабар” маалымат агенттигинде болгон маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында “Бишкек-Москва” багыты боюнча каттам 17-24 октябрда аткарылган. Аны ишкананын ревизорлору жана жүргүнчүлөрдү ташуу Башкармылыгынын кызматкерлери толук көзөмөлгө алышкан. Текшерүү учурунда жобого ылайык каттоо журналы толтурулган жана анда эч кандай билети жок жүргүнчүлөр ташылып бараткан факты катталган эмес. Ошондой эле коңшулаш мамлекеттердин текшерүүчүлөрү да билети жок жүргүнчүлөр жок экендигин билдиришти. Демек, бүгүнкү күндө  «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында билети жок жүргүнчүлөрдү ташуу фактысы жок.

Эске салсак, 30-октябрда поезд узатуучусу Алия Асанбаева тарабынан билети жок жүргүнчү туурасындагы видеоматериал социалдык тармакка жарыяланган.

Бардык жаңылыктар