Темир жолчу Бакыт Момуналиев “Стамбул марафонуна” катышып келди.

15 Ноября 2018

Туркиянын Стамбул шаарында 40-Стамбул марафону өткөрүлдү. Быйыл ага дүнүйө жүзүнөн 30 миңден ашык жөө күлүктөр келишти.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын спортчусу Бакыт Момуналиев аталган марафонго катышып, 15-орунду камсыз кылды. Алдыңкы катарда келген темир жолчуга мелдештин атайын медалы тапшырылды.  Бакыт Момуналиев 35-40 жаш курагы боюнча 42 чакырым марафондо чуркаган. Анын Туркияга барып келген чыгымы ишкана тарабынан каржыланган.

Эске салсак, Стамбул марафону быйыл 40-жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык мелдеш болуп эсептелет. Ал жыл сайын Туркиянын Стамбул шаарынын негизги шоссесинде өткөрүлүп, дүнүйө жүзүнөн жөө күлүктөр келип катышышат.

Бардык жаңылыктар