Темир жолчулар камкордукка муктаж адамдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты.

25 Декабря 2018

Жыл сайын жаңы жыл майрамында “Кыргыз темир жолу”” мамлекеттик ишканасы өздөрү камкордукка алган Бишкек шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын реабилитациялык борборуна келишет.

Салтка айланып калгандай быйыл да Профсоюз уюмунун Төрагасынын орун басары Коростилев Александр Михайлович мындагы балдар менен чоңдорго таттуулуктардан турган жаны жылдык белектерди алып келди. Бул жолу мында 180 адамга конфет, печенье, жана мөмө-чөмөдөн жасалган белектер берилди.

Ал эми буга чейин “Кыргыз темир жолу” ишканасынын куруучулары, борбордогу ашкананы, коридорлорду жана чатырларды актап-сырдап толук ремонттон өткөрүп берген. Ошондой эле жылытуу системасына да кол кабыш кылышты. Кыскасы, аталган реабилитациялык борбор такай темир жолчулардын жардамын алып турушат жана мындай колдоолор үчүн борбрдун жетекчилиги “Кыргыз темир жолуна” ыраазычылыгын билдиришти. Учурда мында мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар тикмечилик, чач тарачтык, маникюр, жана түймөчүлүк кесиптерге ээ болушууда. Борбордо өз ишин мыкты билген 30 тарбиячы иштеп,социалдык реабилитация, психологиялык реабилитация, жана эмгек терапиясына үйрөтүшөт.

  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы белек тапшырган дагы бир обьект, бул – Бишкектеги Ленин районуна караштуу карылар үйү. Учурда ар тараптан колдоого муктаж 60 карыларыбызга темир жолчулардын таттуулуктары, жаңы жылдык белектери тапшырылды.

Ал эми карылар үйүнүн жетекчиси жыл сайын берилүүчү мындай камкордук үчүн рахматын айтып, мындан ары жылуу жууркандар жагынан жардам берүүнү суранды.

Профсоюз уюмунун Төрагасынын орун басары Коростилев Александр Михайлович мүмкүнчүлүккө жараша жардам болоорун билдирди.

Бардык жаңылыктар