Ишканада жаңы жылдык иш-чара болуп өттү

31 Декабря 2018

Темир жолчулар клубунда жаңы жылдык иш-чара болуп, ага филиалдардын жетекчилери, башкармалыктардын башчылары жана филиалдардын өкүлдөрү катышты.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Канатбек Абдыкеримов куттуктоо сөз сүйлөп, темир жолчуларды жаңы жылы менен куттуктады. Башкы директордун айтымында узап бара жаткан жыл темир жолчулар үчүн жемиштүү жылдардан болду. Ал эми алдыга коюлган максаттарды жамаат менен чогуу ишке ашыра тургандыгын жана бул үчүн талыкпаган эмгек керек экендигин белгилеп өттү.

Бардык жаңылыктар