“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Абдыкеримов Канатбек Абдыжапаровичтин жаңы жылдык куттуктоосу

31 Декабря 2018

Урматтуу мекендештер жана темир жолчулар !

Жергебизге жаңы 2019-жыл кадамын таштап кирип келди. Узап бараткан 2018-жыл Кыргыз эли үчүн тарыхый окуяларга бай болуп, жергебизде эл аралык маанидеги иш-чаралар болуп өттү. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу Кыргызстан дүйнө жүзүнө таанылды. Ошондой эле шериктештикке кирген мамлекеттер арасында бирдиктүү экономикалык кызматташтыкка жол ачкан Бажы союзу жана Евразия экономикалык уюмунун алкагында экономикалык өсүш камсыз болду.

Ал эми “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы узап бараткан жылда бир катар ийгиликтерге жетишип, эки ири иш-чара өткөрдү. Алар: Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол кеңешинин 68-отуруму жана Темир жол кызматташтык уюмунун 46 отуруму. Бул эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар Бишкек шаарында өткөрүлүп, темир жол тармагындагы маанилүү чечимдерге кол коюлду. Ишканада вагон чарбасын модернизациялоо максатында жаңы жүк ташуучу вагондор сатылып алынды. Ошондой эле вагондорду ремонттоо, темир жолду модернизациялоо иштери колго алынды. Кылымга тете тарыхты басып өткөн темир жолчулар учурда алдыга чоң максаттарды коюп, мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүп өсүшү үчүн талбай эмгектенип жатышат.

Ылайым жаңы жылда да ийгиликтерибиз арбын болсун. Жаңырган 2019-жыл элибизге бакыт-таалай, ырыскы-берекени алып келсин. Элибиздин жашоо деңгээли көтөрүлүп, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун.

Сиздерди жаңы жылыңыздар менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Жаңы жылда асыл ой-максаттарыңыздардын ишке ашуусуна тилектештигимди билдирем!

Жаңы жылыңыздар менен!

урматым менен,

Канатбек Абдыкеримов
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын Башкы директору

Бардык жаңылыктар