«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

8 Января 2019

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигини маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-июлунан тартып, жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгын далилдеген туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн тиркемеси айлантуудан чыгарылат.

Андыктан, мамлекеттик чек ара өткөрмөлөрүндө ар кандай чыр-чатактуу жагдайларды четтетүү максатында, 2019-жылдын 1-июлунан тартып, Кыргыз темир жолунун бекеттеринен эл аралык каттамдарга чыгуу үчүн жашы жете элек балдарга өз убагында жалпы жарандык паспорт алуу жагын “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын администрациясы сунуштайт.

Бардык жаңылыктар