“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги Кыргызстандын мунай ташуучулары менен жолугушту

17 Января 2019

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги менен болгон жолугушууга Кыргызстандын мунай ташуучулар асоциациясынын жана жеке компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Башкы директор Канатбек Абдыкеримовдун айтымында «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коому менен жетишилген келишимге ылайык, Өзбекстандын темир жолу жүктөрдүн бардык түрлөрүн ташууга жеңилдиктерди берди. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жүктөрдү ташууну өркүндөтүү максатында 2018 жылдын 24 декабрында Ташкент шаарында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коому кызматташтык протоколуна кол коюлган. Ага ылайык, Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташылуучу жүктөрдүн бардык түрлөрүнө буга чейин берилген 30% жеңилдик 2019-жылга да калтырылды.

Ал эми мунай ташуучулар “Кыргыз темир жолу” тарабынан берилген мындай жеңилдиктер ишкерлер үчүн чоң жардам экендигин жана аны ташуунун көлөмүн мындан ары да көбөйтө тургандыгын билдиришти. Ошондой эле ташылып келе жаткан жүктөрдү сактоо маселесине көңүл бурууну суранышты. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги бул маселени көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди.

Эске салсак, мындан тышкары 2019-жылы Өзбек темир жолунун айрым транзиттик участкалары боюнча төмөндөгүдөй жеңилдиктерди берген:
- Ходжадавлет эл аралык мамлекеттик кесилиш пунктуна карата 35% жеңилдик;
- Каракалпакстан эл аралык мамлекеттик кесилиш пунктуна карата 40% жеңилдик;

Ал эми Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташылуучу жүктөрдүн төмөндөгү түрлөрүнө көлөмүнө жараша жеңилдиктер белгиленген:
- 200 миң тонна майлоочу жана күйүүчү майлары, 60 миң тонна жыгач-тактайлар ошондой эле 35 миң тонна буудай азыктары кайрадан эсептелип чыгып, 30% жеңилдиктин ордуна 35% жеңилдик берилет.

Бардык жаңылыктар