2018-жылы темир жолу аркылуу 7 млн. 400 миң тонна жүк ташылды

30 Января 2019

Бул деген 2017-жылга салыштырмалуу 104 %тти түзөт же 281, 100 миң тоннага өсүш болгон.

Жүктөрдүн көлөмүнүн өсүшү жүктөрдү экспорттоонун эсебинен көбөйүп олтурат:
- Таш көмүр 160%
- Күйүүчү май 10 эсе ( бир жылдан 6 миң тоннадан 75 миң тоннага чейин)
- Курулуш материалдары боюнча жүктөр 4 эсе
- Цемент 3 эсе

Белгилей кетсек:  Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жүктөрдү ташууну өркүндөтүү максатында 2018 жылдын 24 декабрында Ташкент шаарында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коому кызматташтык протоколуна кол коюшту. Ага ылайык, Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташылуучу жүктөрдүн бардык түрлөрүнө буга чейин берилген 30% жеңилдик 2019-жылга да калтырылды.

Мындан тышкары 2019-жылы Өзбек темир жолунун айрым транзиттик участкалары боюнча төмөндөгүдөй жеңилдиктер берилет:
- Ходжадавлет эл аралык мамлекеттик кесилиш пунктуна карата 35% жеңилдик;
- Каракалпакстан эл аралык мамлекеттик кесилиш пунктуна карата 40% жеңилдик;

Ал эми Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташылуучу жүктөрдүн төмөндөгү түрлөрүнө көлөмүнө жараша жеңилдиктер белгиленди:
-200 миң тонна майлоочу жана күйүүчү майлары, 60 миң тонна жыгач-тактайлар ошондой эле 35 миң тонна буудай азыктары кайрадан эсептелип чыгып, 30% жеңилдиктин ордуна 35% жеңилдик берилет.

Бардык жаңылыктар