2018-жылы Кыргыз темир жолу аркылуу 324 миң 400 жүргүнчү ташылды

30 Января 2019

Темир жолдо 2017-жылга салыштырмалуу өткөн жылы 10 476 жүргүнчү көп ташылган.

- Жергиликтүү каттамдар боюнча – 291 миң 600 жүргүнчү
- Эл аралык каттамдарда – 33 миң 100 жүргүнчү

Жергиликтүү каттам жана эл аралык каттамдарда да өсүш темпи байкалат. 

Белгилей кетүүчү нерсе автомобиль жолундагы ремонт иштерине байланыштуу 2017-жылдын апрель айынан тартып, Бишкек-Кара-Балта-Бишкек багыты боюнча поезд каттамы ачылган. 2018-жылы аталган багыт боюнча 26 миң 359 жүргүнчү ташылган.

 

Бардык жаңылыктар