Кыргызстан менен Россия Федерациясынын темир жол ишканаларынын жетекчилери жолугушту

1 Февраля 2019

Москва шаарында «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Канатбек Абдыкеримов менен «Россия темир жолу» Ачык акционердик коомунун Башкы директору – Башкармалыгынын Төрагасы Олег Белозёровдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргызстандын Россия федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов катышты.

Жолугушуунун күн тартибинде каралган маселелер:

1. Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлордун алдын-ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу маселеси

2. Россиянын жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорун сатып алуу маселелери

3. Россия-Кыргызстан поезд каттамы боюнча билет бааларын арзандатуу маселеси

4. Кыргыз темир жолунда ижарада иштеп жаткан «Россия темир жолу» Ачык акционердик коомунун локомотивдерин Кыргыз темир жолунун менчигине өткөрүп берүү маселеси.

Аталган маселелер боюнча жылуу маанайда сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгы менен тийиштү долбоорлорду жүзөгө ашыруу жагы белгиленди. Ошондой эле аткарылуучу иштердин так мөөнөттөрү жана ишке ашыруу механизмдери талкууланды.

Тактап айтсак, жакынкы күндөрдө Кыргыз жергесинде эксперттер тобунун жумушчу жолугушуусу өткөрүлөт. Анда аталган долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу багытындагы маселелер каралат.
 

Бардык жаңылыктар