Темир жолчу Бакыт Момуналиев “Алматы марафонуна” катышып келди.

25 Февраля 2019

Казахстандын Алматы шаарында “Алматы марафону” өткөрүлдү. Быйыл ага дүнүйө жүзүнөн 1 200 жөө күлүктөр келишти.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын спортчусу Бакыт Момуналиев аталган марафонго катышып, 2-орунду камсыз кылды. Алдыңкы катарда келген темир жолчуга мелдештин атайын диплому менен медалы тапшырылды.  Бакыт Момуналиев 35-49 жаш курагы боюнча 10 чакырым марафондо чуркаган. Анын мелдешке барып келген чыгымы ишкана тарабынан каржыланган.

Эске салсак, “Алматы марафонуна” жыл сайын өткөрүлүп туруучу эл аралык мелдеш болуп эсептелет. Ал жыл сайын Казахстандын Алматы шаарында Биринчи Президенттин эс алуу багында өткөрүлүп, дүнүйө жүзүнөн жөө күлүктөр келип катышышат.
 

Бардык жаңылыктар