Темир жолчу Бакыт Момуналиев “Терлецкий паркындагы X-жазгы марафонуна” катышып келди.

2 Апреля 2019

Россия Федерациясынын Москва шаарында “Терлецкий паркындагы X-жазгы марафону” өткөрүлдү. Быйыл ага дүнүйө жүзүнөн 200 дөн ашык жөө күлүктөр келишти.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын спортчусу Бакыт Момуналиев аталган марафонго катышып, 1-орунду камсыз кылды. Алдыңкы катарда келген темир жолчуга мелдештин атайын диплому менен медалы тапшырылды.  Бакыт Момуналиев 35-49 жаш курагы боюнча 42, 2 чакырым марафондо чуркаган. Анын мелдешке барып келген чыгымы ишкана тарабынан каржыланган.

Эске салсак, “Терлецкий паркындагы марафон” жыл сайын өткөрүлүп туруучу эл аралык мелдеш болуп эсептелет. Ал жыл сайын Россия Федерациясынын Москва шаарында Терлецкий эс алуу багында өткөрүлүп, дүнүйө жүзүнөн жөө күлүктөр келип катышышат.
 

Бардык жаңылыктар