Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасында Башкы директордун орун басары дайындалды.

11 Апреля 2019

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Канатбек Абдыкеримов бүгүн ишканада жетекчинин орун басарын тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун Буйругуна ылайык - Кадыркулов Русланбек Чоюбекович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директорунун орун басары болуп дайындалды.

Русланбек Кадыркулов буга чейин “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Бардык жаңылыктар