«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

22 Апреля 2019

Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019- жылдын 23-апрелинде Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.

 Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 8-00 дөн тартып, 22-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.
Автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар