Июнь айынан тартып, «Ташкент-Рыбачье» поезд каттамы ачылат

30 Апреля 2019

«Ташкент-Рыбачье» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө:

Алгачкы курам 2019-жылдын 6-июнунда бейшемби күнү Ташкент шаарынан Ташкент убактысы боюнча  саат:  20 саат 50 минутада чыгат жана 7-июнь жума күнү  Бишкек убактысы боюнча 19 саат 03 минутада Бишкек шаарына келет.

Ал эми 8-июньдан тартып, ар ишемби күнү 04 саат 59 минутада Рыбачьеден кайра жөнөп, 9-июньдан тартып, ар жекшемби күнү Ташкент убактысы боюнча Ташкент шаарына 05 саат 00 минутада келет.

Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Рыбачье» поезд каттамына билеттер сатыла баштады. Вагондордун категориясына жана билеттерди сатып алуу мөнөтүнө жараша билеттерди сатып алууда жеңилдиктер берилет.

Билет баалары:
-Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 1 946  сомдон,
-купе вагонуна 2 461 сомдон,
-люкс вагонуна 4 602 сомдон башталат.

Уюшуп жамаат менен жүрүүчү жүргүнчүлөргө билет сатып алууда адамдардын санына жараша 30%га чейин жеңилдиктер берилет. Курамында вагон-рестораны бар. Жолдо жүрүү убактысы Бишкектен Ташкентке чейин бардык мамлекеттик чек ара өткөрмө пункттарын кошкондо 20 саат 30 минут.

Кошумча маалымат үчүн телефондор:  (0312) 926847, 926854, 926840, 300209, 300618, 927475, 300376

Бардык жаңылыктар