№97-темир жол лицейи №385 Кричев дивизиясынын Беларусияны бошотуудагы 75 жылдыгына карата иш-чара өткөрдү.

7 Мая 2019

Иш-чарага “Кыргызстандын Агитбригадасы” кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Керим Шатманов катышып, сөз сүйлөдү. Анын айтымында 2014-жылдан бери аталган фонд “Биздин Жумаш” долбоорун жүзөгө ашырып келет.

Жумаш Асаналиев 1923-жылы Ысык-Көлдө, Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуш талаасында Беларуста пулеметтук эсептин командири оор жарадар болуп калганда, анын ордунда салгылашкан. Ал кооптуу жерде, душмандарга карай пулеметтон ок жаадырып турган. Пулеметтун огу түгөнгөндө граната ыргыткан. Акыркы гранатасы калганда душмандарды жакын келтирип, өзүн жардырып, 20 дан ашык душманды жок кылган. 1944-жылдын 22-июлунда Жумаш Асаналиевге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылган. Жумаш Асаналиев быйыл 96 жашка чыкмак.

Бүгүнкү иш-чарада “Биздин Жумаш” тасмасы көргөзүлдү. Ошондой эле Президенттик камералык оркестр өзүнүн концерттик программасын тартуулады.

Ал эми Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко өз сөзүндө мындай патриоттук иш-чараларды жаш муундар арасында жайылтууну жана бул иш Кыргызстанда жогорку деңгеелде экендигин белгиледи.

Бардык жаңылыктар