Темир жолчулар Улуу жеңиштин 74 жылдыгын белгилешти.

8 Мая 2019

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Улуу жеңиштин 74 жылдыгына карата митинг-реквиемге чогулушту.

Иш-чара 8-майда “Пишпектеги” жеңиш аянтчасында өткөрүлдү. Бул күнү  Пишпектеги “Жеңиш аллеясында” Темир жол лицейинин ардактуу караул ротасы тизилген. Эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, согуш ырлары жаңырып турду. Пишпек шаарчасындагы мына ушул “Жеңиш багындагы” эстелик тактасына Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон 25 жоокердин ысымдары жазылган. Ардагерлердин дарегине жетекчилик тарабынан куттуктоолор айтылып, салтанаттын соңунда ардагерлер үчүн сый-тамактар берилди.

Учурда “Кыргыз темир жолунда” 1 миң 416 темир жолчу пенсионерлер, анын ичинде 1 согуш ардагери жана 15 оруктун ардагерлери катталган.

Бул тарыхый датага карата “Кыргыз темир жолу” тарабынан акчалай сыйлыктар белгиленген. Бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 3 миң сомдон, ал эми 15 оруктун ардагерлери 2, 500 миң сомдон акчалай сыйлыктарды алышты.

Майрам ээлерин “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Канатбек Абдыкеримов куттуктады.

Бардык жаңылыктар