«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

8 Мая 2019

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 13-майынан тартып, 20-майга чейин Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778 чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө ремонт иштери жүргүзүлөт.

Бул Бишкек шаарынын Асаналиев (мурдакы Некрасова) жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши.

2019-жылдын 13-майынан тартып, 20-майга чейин саат: 07-30 дөн саат: 14-00 гө чейин аталган аймакты Ички иштер министрлигинин патрулдук милициясы көзөмөлдөп турат.

Андыктан, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган участокто сак болуусун суранабыз.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар