“Бишкек-Рыбачье” каттамы боюнча №608 поезд жүрө баштады

17 Июня 2019

Жайкы эс алуу сезонуна карата 14-июньдан тартып, “Бишкек-Рыбачье-Бишкек” поезди “Бишкек I” темир жол бекетинен (Пишпек) жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттай баштады. Жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча 6 саат 25 минутада.

Ал эми 15-июльдан тартып, 8-сентябрга чейин күн сайын аталган багыт боюнча каттайт.

Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы эс алуучулар үчүн жыл сайын жайкы эс алууну уюштурат. Июль, август айларында аталган багыт боюнча кошумча вагондор чиркелет жана аны менен эс алуучулар Боом капчыгайы аркылуу Рыбачьеге чейин барышса болот. Вагондордо узатуучулар иштеп, эс алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Плацкарт вагону менен барып келүү акысы төмөндөгүчө:
“Бишкек I” станциясынан Рыбачьеге чейин чоңдор үчүн:  69 сом
Балдарга: (5 жаштан 10 жашка чейин)  34 сом

Байланыш телефондору:  (0312) 926847, 926854, 926840, 300209, 300618,
927475, 300376.

Бардык жаңылыктар