"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

24 Июня 2019

Казахстан Республикасынын Туркестан областына караштуу Арысь шаарындагы окуяларга байланыштуу Кыргыз темир жолунун “Бишкек-Москва” каттамындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди токтотулат.

Эске салсак, 24-июнь күнү Казахстан Республикасынын Туркестан областына караштуу Арысь шаарында жайгашкан куралдуу күчтөрүнө караштуу аскер бөлүгүндө өрт чыгып, курал-жарактар жарыла баштаган. Учурда Казахстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамы жарылуунун кесепеттерин жою боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Арысь шаарында 40 миңден ашык адам жашайт. 

Бардык жаңылыктар