Темир жолдо жана темир жол өткөрмөлөрүндө сак болуңуздар !

11 Июля 2019

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында темир жолдо катталган кырсыктардын саны азайган. Бирок, темир жолу бул өтө кооптуу аймак экендигин “Кыргыз темир жолу” ишканасы эске салат.

2019-жылдын 6 айында темир жолдо жалпысынан 31 кырсык катталды. Анын ичинен 15 факты автоунааларга байланыштуу болсо, 1 кырсыктын кесепетинен автомашина поезд менен кагылышып, 2 адам каза болгон жана 2 адам оор жаракаттарды алышкан. Адам фактору менен байланышкан 8 кырсык катталган. Ал эми 7 кырсык мал жандыктардын темир жолго чыгып алуусунан улам келип чыккан.

Темир жолдогу кырсыктар адам фактору менен тыгыз байланышкан. Алар атайын өтүүчү көпүрөлөрдөн өтпөстөн темир жолу аркылуу өтүшөт. Мындан тышкары автомашиналардын көбөйүшү да кырсыктардын башкы себептеринен. Негизинен автоунаалардын айдоочулары жол эрежелерин так сакташпайт. Темир жол өткөрмөлөрүндө коюлган жол белгилерине маани беришпейт.

Темир жолдогу кырсыктардын алдын-алуу, профилактикалык иштерди күчөтүү максатында “Кыргыз темир жолу” ишканасы КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Транспорттук прокуратурасы, КРнын ИИМне караштуу Транспорттук милициясы менен биргеликте такай иш-чараларды жүргүзүп келет. Ошентсе да негизги эскертип кетүүчү нерсе: поезд автоунааларга окшоп дароо токтоп калбайт. Аны токтотуу 500 метрден 800 метрге чейин созулат. Темир жолу бул өтө кооптуу аймак. Ошондуктан темир жолдо ар бир жаран сак болуусу зарыл.

Бардык жаңылыктар