Кыргыз темир жолуна 95 жыл

18 Июля 2019

Август айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү!

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы учурда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, өзүнүн 95 жылдык мааракесин майрамдоо алдында турат. Эгерде темир жолдун тарыхына кайрылсак: 1924-жылдын 8-августунда “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясында эң биринчи поездди тосуп алышкан. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Демек, мындан туптуура 95 жыл мурда Кыргыз жергесине эң алгачкы поезд келген. Бул тарыхый дата – Кыргызстандын транспорт тармагында жаңы барагын ачып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуучу келечектеги ири стратегиялык обьектинин калыптанышына зор өбөлгө болгон.

Бүгүнкү күндө Кыргыз темир жолунун узундугу 424,6 чакырымды түзүп, коңшулаш Казахстан, Өзбекстандын темир жол магистралына барып кошулат. Азыркы учурда 424,6 чакырым негизги темир жолдор, 220 чакырым станциялык жолдор, жана 66,4 чакырым кайрылыш темир жолдору (подьездных путей)  бар.

Бардык жаңылыктар