Кыргыз темир жолуна 95 жыл

18 Июля 2019

Август айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү!

Кыргыз темир жолу-экономикабыздын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт

Темир жолдо негизинен жүктөр жана жүргүнчүлөр ташылат. Демек, Кыргыз темир жолунун эң башкы милдети: жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп эсептелет. Быйылкы мааракелик жылдагы көрсөткүчтөр ишибиздин өз нугунда бара жаткандыгын далилдеп турат. Соңку 5 ай ичинде 2 млн. 426 миң тоннадан ашык жүк ташыдык. Алыскы каттамдардагы поездерибиз менен 7 миң 530 адамды, ал эми жергиликтүү каттамдар боюнча 126 миң 388 адамды белгиленген жерге чейин ташып жеткирдик. Бул деген өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 20 мин 300 адамга көптүк кылат. Айрыкча ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн саны өстү. “Бишкек-Кара-Балта” автомобиль жолундагы ремонт иштерине байланыштуу 2017-жылдын апрель айында “Бишкек-Кара-Балта-Бишкек” поезд каттамы ачылган. Аталган каттамда быйылкы жылдын 5 айында 26 миң 140 жүргүнчү ташылып жеткирилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 435 адамга көптүк кылат.

Бардык жаңылыктар