“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты Баттал Азиевдин жакындарына көңүл айтат

19 Июля 2019

Кыргыз темир жолунун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон инсан, "Ардактуу темир жолчу" Баттал Азиев 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Ал бүткүл эмгек жолун темир жолго арнаган. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын локомотив чарбасы боюнча филиалында тепловоздун машинисти, локомотив бригадасынын машинист-инструктору кызматтарында эмгектенди. Анын темир жолдогу басып өткөн эмгек жолу жалпысынан 42 жылды түзөт.

1974-жылы өндүрүштө иштеп жүрүп, Ташкенттеги темир жол транспортунун инженерлик институтунда инженер-механик адистиги боюнча билим алган.

Ал кайсыл кызматта иштебесин жогорку жоопкерчиликте, чынчыл, ак ниет жана өз милдетин так аткарган адис экендигин көргөзүп, далилдей алды. Өз кезегинде Фрунзе шаарындагы темир жолчулар окуу жайынын окуучуларына билим берди. Өзүнүн өдүрүштүк тажрыйбасын коомдук иштер менен айкалыштырып, дайыма жаштардын насаатчысы болду.

Темир жол транспортундагы ак эмгеги жогору бааланып, жогорку мамлекеттик сыйлыктар болгон Ленин ордени жана Эмгек кызыл туу ордени менен сыйланган. Жалпысынан темир жолдун 60тан ашык сыйлыктарын алган. Көп жылдык эмгеги жогору бааланып, темир жолдогу эң жогорку сыйлык “Ардактуу темир жолчу” наамы ыйгарылган.

1999-жылдан тартып, өмүрүнүн акыркы мезгилине чейин ал Бишкектеги №97-темир жолчулар кесиптик лицейинде мугалимдик кесипте эмгектенди.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты Баттал Азиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын жаркы элеси ар бир темир жолчунун жүрөгүндө сакталып, жасаган иштери баарыбызга түбөлүк үлгү болуп кала берет.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты.

Баттал Азиев менен кошошуу зыйнаты Бишкек шаарынын “Пишпек” кичи шаарчасында 2019-жылдын 20-июлунда саат 10-00 дө болот. Маркумдун сөөгү Чүй областынын Аламүдүн районундагы Чоң-Арык айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Бардык жаңылыктар