Кыргыз темир жолуна 95 жыл

22 Июля 2019

Август айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү!

“Кыргыз темир жолу” аркылуу ташылган жүктөрдүн көлөмү 2 426,4 миң тоннаны түздү.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын негизги милдеттеринин бири жүктөрдү ташуу.  Ишкана 2019-жылдын 5 айында 2 426,4 миң тоннага жакын жүк ташыды. Бул деген өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 280 миң тоннага аздык кылат. Анткени, темир жолу аркылуу ташылган экспорттук жана импорттук жүктөрдүн көлөмү кескин азайып кеткен. Бул ошол эле күйүүчү, майлоочу майлар жана таш көмүр.

Маселен 2019-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен, Кыргызстандан экспорттолгон төмөнкү жүктөрдүн көлөмү азайды:
күйүүчү май - 56,3%, темир - 89%, курулуш материалдары - 57,4%, цемент - 69,3% жана кум шекер - 96,5% га азайган.

Бирок, Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык макулдашуулары кабыл алынгандыгына байланыштуу соода-сатык күчөп, темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмү көбөйүүсү күтүлүүдө.

Ошондой эле кышка карата Казахстандан жана жергиликтүү таш көмүр ташуу жана кант кызылчасын ташуу иштери башталганы турат.  

Бардык жаңылыктар