Facebook социалдык түйүнүндө Рустам Нурматов жарыялаган Бишкек-Рыбачье темир жолундагы сүрөт боюнча “Кыргыз темир жолу” төмөндөгүлөрдү билдирет:

30 Июля 2019

Кыямат-Курколь темир жол участогунун 148 өтмөгүнүн 3928-3929-чакырымында июль айында капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн.

Аталган участокто толугу менен жаңы темир бетон шпалдары салынып, Р43 рельстери Р65 рельстерине алмаштырылган. Бүгүнкү күндө аталган участоктогу темир жолу бардык стандарттарга жана талаптарга жооп берет.

Ал эми Facebook cоциалдык түйүнүндө Рустам Нурматов жарыялаган сүрөттөр темир жолду жаманатты кылуу максатында чыгарылган жана чындыкка дал келбейт. Анткени ал жерде сүрөт тартылган темир жол участогунун аталышы жана тартылган күнү так көргөзүлгөн эмес.

Аталган участоктон тартылып алынган сүрөттү сунуш кылабыз. Бүгүнкү күндө андагы темир жолдун абалы мына ушундай. 
 

Бардык жаңылыктар