Кыргыз темир жолуна 95 жыл толду

31 Июля 2019

Август айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү!

31-июльдан тартып, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында майрамдык иш-чаралар башталды.

Башкы директордун орун басары Руслан Кадыркулов бүгүн локомотив чарбасы боюнча филиалы жана электроэнергия, сигнализация жана байланышты камсыз кылуу боюнча филиалынын кызматкерлерин куттуктады. Аларга ишкананын жогорку сыйлыктарын тапшырды.

Эске салсак, 2-август күнү Пишпектеги “Темир жолчулар клубунда” салтанаттуу жыйын болуп, расмий сыйлыктар тапшырылат. Ага Кыргыз өкмөтүнөн, КРнын Транспорт жана жол министрлигинен расмий өкүлдөр катышат.

Быйыл эмгеги сиңген темир жолчуларга “Кыргыз темир жолунун Ардак грамотасы”, “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери”, “Кыргыз темир жолундагы кынтыксыз эмгеги үчүн” I баскычтагы төш белгиси, жана “Кыргыз темир жолундагы эң мыкты жаш кызматкер” наамдары ыйгарылат.

Ал эми 4-август күнү “Пишпек эс алуу багында” майрамдык маданий иш-чаралар , “Локомотив” спорт комплексинде спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Эске салсак, Кыргыз темир жолу быйыл 95 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Алгачкы поезд биринчи жолу Ала-Тоого 1924-жылдын 8-августунда келген.

Расмий жыйындын башталышы: 2-август, саат: 10-00
(Темир жолчулар клубу - Пишпек шаарчасы)
Маданий иш-чара жана спорттук мелдештер 4-август, саат: 9-00
(Пишпек эс алуу багы, “Локомотив” спорт комплекси)
Дареги:  Лев Толстой көчөсү, Пишпек шаарчасы

 

Бардык жаңылыктар