Август айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү!

1 Августа 2019

31-июльдан баштап “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында майрамдык иш-чаралар башталды.

Бүгүн темир жолчулар клубунда майрамдык иш-чара өткөрүлүп, анда ишкана башчысы Канатбек Абдыкеримов алдыңкы кызматкерлерге ишкананын жогорку сыйлыктарын тапшырды. Жалпысынан 94 темир жолчу жогорку сыйлыктарга ээ болушту. Алар темир жолдун өнүгүүсүнө салым кошкон алдыңкы кызматкерлер. Алар төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту: “Кыргыз темир жолунун Ардак грамотасы”, “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери”, “Кыргыз темир жолундагы кынтыксыз эмгеги үчүн” I баскычтагы төш белгиси, жана “Кыргыз темир жолундагы эң мыкты жаш кызматкер”.

Эртең 2-август күнү Пишпектеги “Темир жолчулар клубунда” салтанаттуу жыйын болуп, анда расмий сыйлыктар тапшырылат. Ага Кыргыз өкмөтүнөн, КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинен расмий өкүлдөр катышат.

Быйыл эмгеги сиңген темир жолчуларга “Кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы”, “Ардактуу темир жолчу наамы”, “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Ардак грамотасы” тапшырылат.

4-август күнү “Пишпек эс алуу багында” майрамдык маданий иш-чаралар ал эми “Локомотив” спорт комплексинде спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Расмий жыйындын башталышы: 2-август, саат: 10-00
(Темир жолчулар клубу - Пишпек шаарчасы)
Маданий иш-чара жана спорттук мелдештер 4-август, саат: 9-00
(Пишпек эс алуу багы, “Локомотив” спорт комплекси)
Дареги:  Лев Толстой көчөсү, Пишпек шаарчасы

 

 

Бардык жаңылыктар