Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

2 Августа 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев темир жол жумушчуларын кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Темир жолчуларынын күнү жана белгиленип жаткан Кыргыз темир жолунун 95 жылдыгы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

«Кымбаттуу достор,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Темир жолчуларынын күнү – кесиптик майрамы жана Кыргыз темир жолунун 95 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Туура 95 жыл мурда, 1924-жылы 8-августта Пишпек станциясына биринчи каттам келгендигин кубануу менен белгилөөгө болот. Ушул күндө тартып Кыргыз темир жолунун тарыхы башталат, ал биздин мамлекеттин тарыхый окуялары менен тыгыз байланышта: 1924-жылы биринчи ирет Кыргыз автономиялуу облусу кыргыз элинин улуттук-аймактык түзүлүшү түзүлгөн.

Кыргыз темир жолу Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин жеңишинин өзүнчө бир белгиси катары болуп калды.

Бүгүн минтип ондогон жылдар өткөн соң Кыргыз темир жолу жашоонун жолу, жалпы элдик сүйүүнүн, сыймыктын жана элибиздин бакубатчылыгынын предмети болуп саналат.

Темир жол транспорту өлкө жашоосунда ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келди. Буга байланыштуу белгилей кетсем, 90-жылдардагы өткөөл мезгилдин кыйын шарттарында ушул тармактын жумушчуларынын берилгендиги жана эмгекчилдиги аркылуу гана темир жолду сактап калууга мүмкүн болду.

Машинисттер жана жумушчулар, куруучулар жана оңдоочулар, инженерлер жана диспетчерлер – темир жолчунун эмгеги көптөгөн кыйынчылыктар жана ыңгайсыздар менен коштолот. Сиздер аптаптуу ысыкка жана суукка карабай, күндүр-түндүр бүтүндөй темир жолунун үзгүлтүксүз жана жөндөлгөн ишин камсыз кылып келесиздер. Силердин эмгегиңердин сыйлыгы, албетте, жалпы элдин сүйүүсү жана жарандарыбыздын силерге жана ардактуу кесибиңерге болгон сый-урматы болуп саналат.

Учурдан пайдаланып, Кыргыз темир жолунун 5 миң адамдан турган жамаатына ишиндеги чоң ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ден соолук каалайм! Майрамыңыздар менен!».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бардык жаңылыктар