Эмгеги сиңген темир жолчулар транспорт жана жол министрлигинин жогорку сыйлыктарына ээ болушту

3 Сентября 2019

Эгемендүүлүк майрамына карата Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин 23 август 2019 жылдагы № 228 Буйругунун негизинде “Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын төмөнкү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты:

- Ташиев Ысамамат Илязович -“Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын техникалык саясат боюнча Башкармалыгынын курулуш бөлүмүнүн башчысы;

- Мамытова Анара Джолдошбековна - “Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын кадрлар бөлүмүнүн ага инспектору;

- Белик Вера Дмитриевна - “Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөо филиалынын I категориядагы экономисти.

Жогорку сыйлыктарды “Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Канатбек Абдыкеримов тапшырды.

Бардык жаңылыктар