«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын спортчулары XIX Эл аралык Ыссык-Көл оюндарында байгелүү орундарды жеңип алышты

17 Сентября 2019

Ыссык-Көлдө “Азия кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” аттуу XIX Эл аралык Ыссык-Көл оюндары болуп өттү. Ага дүйнөнүн 8 өлкөсүнөн 1 500 спортчу катышты.

Аталган мелдеште Кыргыз темир жолунун спортчулары эң сонун оюн көргөзүшүп, байгелүү орундарды багындырышты. Жекече мелдеште темир жолчулар жалпсынына 40 медальга татыктуу болушса, анын ичинен 8 алтын, 26 күмүш жана 6 коло медаль бар. Ал эми аркан тартыш боюнча командалык мелдеште 2-орунду камсыз кылышып, кубок жана күмүш медальга татыктуу болушту.

Ошентип, мелдешке катышкан командалардын ичинен темир жолчулар эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылышты.

Эске салсак, Ыссык-Көл оюндары салтка айланып калган мелдеш катарында сергек жашоого чакырып, эл арасында достукту бекемдөө максатын көздөйт.

Учурда оюндар республикабыздын өзгөчө брендине айланып баратат.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын командасынын курамы:
Жуманазаров О.К. – Команданын жетекчиси, "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын ремонттук өндүрүш ишмердиги жана суу менен камсыз кылуу башкармалыгынын Башчысынын орун басары
Батищев А.И. – Электроэнергия, сигнализация жана байланышты камсыз кылуу боюнча филиалы
Латипов Ч.Г. - Вагон чарбасы филиалы
Старчуков Ю.И. - Вагон чарбасы филиалы
Ырысмамбетов Э. – Темир жол обьектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскердик кайтарууга алууну камсыз кылуу боюнча филиалы
Султан Космосбек уулу - Темир жол обьектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскердик кайтарууга алууну камсыз кылуу боюнча филиалы
Садыров А.К. - Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалы
Момуналиев Б.М. - Ремонттук өндүрүш ишмердиги жана суу менен камсыз кылуу башкармалыгы
Садалиев Р. А. – “Бишкек I” темир жол бекети
 

Бардык жаңылыктар