Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы ишембилик уюштурду.

23 Сентября 2019

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Аппаратынын кызматкерлери жана бардык филиалдардын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү.

Бул күнү темир жолчулар Лев Толстой көчөсүнөн тартып, Садыгалиева көчөсүнө чейинки аралыкты тазалап чыгышты. Таштандылар алынып, жол жээктери ирээтке келтирилди. Ошондой эле Пишпек эс алуу багынын тегереги тазаланды.

Ал эми буга чейин 300 даана жаш көчөттөр отургузулган “Темир жолчулар аллеясы” такай көзөмөлгө алынган.
Мындай жашылдандыруу ишембиликтери «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында үч ай аралыгында өткөрүлүп турду.

Жетекчиликтин айтымында: ишканада жыл сайын ишембилик уюштурулат. Мындан тышкары учурда бардык филиалдар күзгү-кышкы кароого даярдык көрүп жатышат. Ошентип, темир жолу жана анын аймагы ирээтке келтирилип турат.
 

Бардык жаңылыктар