Темир жолчулар мамлекеттик тил күнүн белгилешти

23 Сентября 2019

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду. Аталган маданий иш-чарада ишкананын 10 филиалынын өнөрпоздору көркөм окуу, обондуу ырлар жана улуттук бий боюнча кыргыздын каада-салттарын көрсөтүп беришти.

Иш-чарага катышкан ишкана жетекчилиги мындай сынактар буга чейин  да өткөрүлүп келгендигин белгиледи.

Жыйынтыгында берилген тапшырмаларды мыкты аткарган командалар аныкталып, атайын дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРнин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен эгемендүү мамлекетти курууга карай орчундуу кадам жасаган. Мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир канча жарлыктар, токтомдор жана программалар иштелип чыкты. Алардын ар бири кыргыз тилинин коомдогу ордунун бекемделишине өз таасирин тийгизди.

Быйыл аталган мыйзамдын кабыл алынгандыгына 30 жыл толду.
 

Бардык жаңылыктар