Жүргүнчүлөргө билет сатып алууда жеңилдиктер берилет

25 Сентября 2019

Душанбе шаарында шериктештикке кирген мамлекеттердин жүргүнчү ташуучу III-Эл аралык форуму болуп, анда Россия, Казахстан жана Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жолугушту.

Жыйынтыгында 2020-жылга карата “Кыргыз темир жолу” ишканасынын поездерине жеңилдиктерди колдонуу маселеси боюнча макулдашуу кабыл алынды.

Ага ылайык, жүргүнчүлөргө билет сатып алууда төмөндөгү тартипте жеңилдиктер берилет: 


№ 17/18 Бишкек-Москва поезди
купе вагону

Эгерде жүргүнчү поезд билеттерин 41 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 60 % жеңилдик берилет.
Ал эми 31 күндөн 40 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 50 % га арзан баада сатып алса болот.
Эгерде 15 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 45 % жеңилдик бар.
Поезд жүргөнгө чейин 4 күндөн 14 күнгө чейин сатып алса 25 % жеңилдик берилет.

плацкарт вагону
поезд кетүүчү күнгө чейин 41 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, анда 50 % га барабар жеңилдик берилет.
Ал эми 31 күндөн 40 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 40 % га арзан баада сатып алса болот.
4 күндөн 34 күнгө чейин алдын-ала алса 15 % жеңилдик бар.
Ал эми поезд жүргөнгө чейин 3 күн мурда сатып алса 10 % жеңилдик берилет.

Жамаат менен жүргөн жүргүнчүлөргө аталган жеңилдиктер колдонулбайт

Бардык жаңылыктар