“Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында тактикалык машыгуулар өткөрүлдү

3 Октября 2019

Аталган машыгуулардын негизги максаты: Бишкек шаарындагы Ленин райондук Жарандык коргонуу кызматынын ички даярдыгын текшерүү болуп эсептелет.

Планга ылайык, Бишкек шаарынын аймагында катуу жер титирөө катталып, анын кесепетисинен 300 килограм уулуу зат аммиак төгүлгөн. Натыйжада өрт чыгып, бир нече адам ууланып калган.

Атайын кызматтар өз убагында өрт өчүрүү иштерин камсыз кылып, жабыр тарткандарга медициналык жардамдарды көргөзүштү. 
Аталган машыгууда “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын аскер кызматы жана өрт өчүрүүчү поезди катышты. Ошондой эле Ленин райондук өрткө каршы кызматы, медициналык тез жардам кызматы жана куткаруу тобу да жардам көргөздү.

Жыйынтыгында бардык белгиленген иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Атайын кызматтар өздөрүнө берилген тапшырмаларды өз  убагында, сапаттуу аткарышты.

Албетте, мындай өзгөчө кырдаалдар Бишкек шаарында жана башка аймактарда эч качан болбосун деген тилектер бар.

Ал эми мындай машыгууларды мындан ары такай өткөрүп туруу жагы белгиленди.
 

Бардык жаңылыктар