Поезд менен жол жүрүү билеттери арзандады

4 Октября 2019

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жол жүрүү билеттерин алдын-ала сатып алууну сунуштайт.

Билеттер канчалык эрте сатылып алынса анын баасы ошончолук арзан болот. Албетте, мындай арзан баада билет сатып алуу жүргүнчүлөр үчүн өтө пайдалуу жана ыңгайлуу. Андыктан, поезд менен жолго чыгууну каалаган жүргүнчүлөр эртерээк пландаштыруусу зарыл.

Маселен, Москвага сапарга чыгаардан 45 күн мурда билет сатып алсаңыз 50 % жеңилдик берилет. Ошондой эле “Бишкек-Казань” жана “Бишкек- Новосибирск” багыты боюнча да ушундай эле мөөнөттө эрте сатып алсаңыз, 50 % га чейин арзан баада алсаңыз болот. Мындан тышкары 40 күн, 30 күн жана 3 күн мурда билет сатып алган жүргүнчүлөргө да жеңилдиктер берилет.

Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өздүк каражаттарды үнөмдөңүздөр.
Толук маалымат: www.kjd.kg сайтында.

Байланыш телефондору: 926847,926854, 926840.

 

Бардык жаңылыктар