“Локомотив” муз аянты балдардын күлкүсүнө бөлөндү

22 Ноября 2019

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы “Локомотив” муз аянтында балдар үчүн кайрымдуулук иш-чара өткөрдү.

Аталган муз аянтына бул жолу Шопоков шаарынан 149 аз камсыз болгон жетим балдар жана Бишкек шаарынан SOS балдар айылынан 158 бала келди. Алар бир саат бою буттарына коньки байлап, акысыз муз тееп, көңүл ачышты.

Белгилей кетсек: аталган балдар үйүндө 7 жаштан 17 жашка чейинки ата-энеси жок балдар камкордукка алынган. Аларга ишкерлер жана колунда бар инсандар ар тараптуу колдоо көргөзүп турат. Ал эми Бишкектеги Балдар айылында ар кайсыл областтардан келишкен ата-энесинен ажыраган балдар тарбияланып мектеп-интернатында окуп келет.
Балдарга болгон камкордукка ыраазы болушуп, Кыргыз темир жолуна атайын ыраазычылык кат жиберишкен.
 

Бардык жаңылыктар